Бишкекте жоголгон 75 жаштагы Кубат Айдаровдун сөөгү табылды. Бул тууралуу коомдук коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү журналисттерге билдиришти.
Буга чейин ал Батыш автобекетинен алыс эмес жерде жайгашкан үйүнөн 5-январда, саат 17:00 чамасында чыгып кетип, ошол бойдон дайынсыз экени маалымдалган. Туугандарынын айтымында, анда эс-тутумун жоготкон жайы бар болчу.
Бүгүн, 7-январда, ал эркек киши тоңуп өлгөнү аныкталды.
“Кайдыгерликтин курмандыгы. Жоголуп кеткен учурдан бери бир нече адам Кубат атаны көрүшүп, аны менен сүйлөшүшкөн. Бирок оорусунан улам чулдурап сүйлөгөндүктөн, аны мас деп ойлошуптур.
Жардам беришкен эмес. Маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз”, – деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ