Menu

Казакстандын Юстиция министрлиги жаңы партия түзүү тууралуу билдирмени кабыл алуудан баш тартты

Бөлүшүү:

Казакстандын Юстиция министрлиги «Ел тірегі» деп аталган жаңы партия түзүү тууралуу демилгелүү топтун билдирмесин кабыл алуудан баш тартты.

6-январда бир нече кишиден турган демилгелүү топ министрликке келип, жаңы саясий партия ачуу ниеттерин билдиришкен. Алардын айтымында, партия түзүүнү өлкөнүн үч миңден ашык тургуну колдогон.

Юстиция министрлигинин өкүлү Евгения Холмецкая демилгелүү топтун тизмесинде «каза болгон жана аныкталбаган макамдагы адамдар бар» болгондуктан, билдирмени кабыл алуудан баш тартышканын билдирди.

Өз кезегинде демилгелүү топтун юристи Нурсултан Ермаханов министрликтин мындай чечими боюнча сотко кайрыла тургандыктарын айтты.

— Биринчиден, тизмеде каза болгон адамдар жок. Экинчиден, министрлик партиянын демилгесине мыйзамсыз каршы болууда. Биз элдик партия болобуз деп жарыялап, ар бир кадамыбыз жөнүндө интернетке жазып келебиз», — деди ал.

Демилгелүү топ партия түзүү ниети тууралуу алгачкы жолу эки ай мурда билдирген.

Казакстандын мыйзамдарына ылайык, саясий партия түзүү үчүн демилгелүү топ уюмдаштыруу съездин өткөрүп, 20 миңден кем эмес жарандын колун топтошу керек.

Өлкөдө расмий каттоодон өткөн алты партиянын бешөө 10-январга белгиленген парламенттик шайлоого катышууда. Өзүн оппозициячыл деп атап жүргөн Жалпы улуттук социал-демократиялык партия шайлоого катышуудан баш тарткан.

Өткөн жылы Казакстанда бир нече топ жаңы партияларды түзүүгө аракет кылышкан. Бирок алардын бири да расмий каттоого алынган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: