Menu

Алматыда COVID-19га байланышкан эпидемиологиялык кырдаал «чыңалып» турат

Бөлүшүү:

Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин калаадагы коронавируска байланышкан эпидемиологиялык абал «чыңалып» турганын билдирди.

Анын айтымында, акыркы алты күндө шаарда коронавирус 700дөн ашык адамдан аныкталды. Бекшин январь айында кырдаал мындан да жаман болушу мүмкүн экенин, коронавирус 4,5 миң кишиден аныкталышы ыктымал экенин эскертти. Буга байланыштуу ал алматылыктарды адамдар көп топтолгон жерлерден оолак болууга жана беткап кийип жүрүүгө чакырды.

Расмий маалыматтарга караганда, Казакстанда пандемия башталгандан бери 160 миңдей адам коронавируска чалдыккан. Анткен менен Саламаттык сактоо министрлиги пневмония менен ооругандардын жана андан көз жумгандардын санагын өзүнчө жүргүзүп келет. Беш айда коронавирустун белгилери бар пневмония менен 46 миңдей адам ооруп, 519 киши көз жумган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: