Язгелды Гундогдыев (солдон экинчи). Сүрөт: Turkmen.news
«Аларды тирүү көрсөткүлө!» деген эл аралык өнөктүк 2020-жылдын 28-декабрында Түркмөнстандагы абактардын биринде камакта отурган мурдагы аткаминер Язгелди Гундогдыев каза болгонун билдирди.
Гундогдыев президент Сапармурад Ниязовду кызматтан кетирүү максатында мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деген айып менен соттолгон «ноябрчылар» деп аталган топтун мүчөсү болгон.
«Аларды тирүү көрсөткүлө!» өнөктүгүнүн сайтына жарыяланган билдирүүдө Гундогдыев жакындары, юристтер, дарыгерлер жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү менен жолуктурулбастан 18 жыл абакта отургандан кийин көз жумганы жазылган.
64 жаштагы Гундогдыев кезинде президенттик аппараттын эл аралык бөлүмүн жана Дашөгүз облусун жетектеген. 2003-жылы ал президент Сапармурад Ниязовго кол салууга катышкан деген айып менен 25 жылга эркинен ажыратылган. Анын иши боюнча сот процесстери жабык өткөн.
«Аларды тирүү көрсөткүлө!» өнөктүгү акыркы жылдары Түркмөнстандагы түрмөлөрдө жаза өтөп жаткандар белгисиз жагдайда жоголо баштаганын белгилейт. Бул жылдар аралыгында уюмдун өкүлдөрү жабык жайларда дайынсыз болгон 120 учурду документтештиришкен. Чындыгында бул сан мындан да көп болушу мүмкүн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ