Бүгүн, 8-январга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 165 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 77, Чүй облусунан – 21, Ош облусунан – 16, Талас облусунан – 3, Ысык-Көл облусунан – 24, Жалал-Абад облусунан – 17, Нарын облусунан – 5, Баткен облусунан -2 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 81 991 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 171 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 77 547ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 46, Ош шаарынан – 14, Чүй облусунан – 45, Ош облусунан – 12, Талас облусунан – 9, Ысык-Көл облусунан – 26, Жалал-Абад облусунан – 12, Баткен облусунан – 6, Нарын облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 2 бейтап: Бишкек шаарынан -1, Баткен облусунан – 1 каза болду. Алардын жалпы саны 1365ке жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ