Бүгүн, 8-январда президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоо алдында кыргыз элине кайрылуу жасады.
Ал 10-январь күнү өлкөдөгү эң маанилүү чечим кабыл алына турганын белгиледи.
“Баарыңыздар шайлоого келиңиздер. Ар бириңиздер өз тандооңуздарды жасайсыздар. Кандай бийликти каалайсыздар? Күчтүү, адилеттүү жана бардыгы үчүн жоопкерчиликти ала алган бийликтиби же мыйзамсыздык, коррупция, жоопкерчиликсиздик жана саткынчылык өкүм сүргөн жашоого кайра кайтып баргыңыздар келеби? Өлкөнүн тагдырын чече турган жана чечкиндүү аракетке бара алган адамды тандап алууга биз гана укуктуубуз. Элдин, балдарыбыздын тагдыры, эртеңки келечек ар бирибиздин колубузда. Абийирди бийик коюп, акыйкат тандоо жасоого тийишсиздер”, – деди Садыр Жапаров.
Ал шайлоодо ким утса дагы жаңы президенттин жанына чогулуп, аны колдоого алуу зарылчылыгын белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ