АКШнын, Казакстандын жана Өзбекстандын өкмөттөрү «Борбор Азия инвестициялык өнөктөштүгүн» түзүштү. Бул боюнча үч өлкө өкмөтүнүн биргелешкен билдирүүсү АКШнын Ташкенттеги элчилигинин сайтына 7-январда жарыяланды.
Документте катышуучулар аймактагы экономикалык өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында бул демилгеге башка өлкөлөрдүн да кошулуусун кубаттай тургандыктары белгиленген.
«Бул демилгенин алкагында тараптар Борбор Азиядагы жана анын сыртындагы жеке сектордун өнүгүүсүнө, экономикалык байланыштардын бекемделишине түрткү бере турган долбоорлорду колдоо үчүн беш жылдын ичинде кеминде 1 миллиард доллар топтоо үчүн болгон аракеттерине көрүшөт», – деп жазылган билдирүүдө.
Борбор Азия инвестициялык өнөктөштүгү C5 + 1 платформасы аркылуу иштейт жана Борбор Азиянын, атап айтканда Казакстан менен Өзбекстандын экономикалык өнүгүүсүнө салым кошот, ошондой эле чөлкөмдөгү коронавирус пандемиясынын экономикалык кесепеттерин жоюуга көмөктөшөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ