“Саясатчылар ит экен”, – деп билдирди бүгүн, 8-январда ооруканада дарыланып жаткан Финполициянын төрагасы Сыймык Жапыкеев Facebook социалдык тармактагы баракчасы аркылуу.
“Мени акча алып жатыптыр ж.б. деген сөздөр айтылып жатат. Менин авторитетимди түшүрүш үчүн көп сөздөр чыгып жатат. Эми эмне айтам. Булар эмнеге антип жатышат? Кыскасы, саясатчылар ит экен да”, – деди ал.
Ал жакында коррупционерлерге каршы чоң соккулар урула турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Финполициянын төрагасы кант диабети менен ооруп, учурда жеке ооруканада дарыланып жатат.
Эсиңиздерге сала кетсек, жакында эле Апрель баатыры Жоки Сыргаков Финполициянын төрагасы Сыймык Жапыкеевди $10 млн жыйнап алды деп айыптаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ