Кыргызстандагы ЖОЖдордо окуган, Пакистандан экзамен тапшырып, өтпөй калган студенттердин тизмесин сурады. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Твиттерге жазды.
“Чет элдик студенттерди кабыл алган, бирок керектүү окуу критерийлерине жооп бергиси келбеген жеке медициналык университеттер эмне үчүн бизге керек?”, – деп суроо алды ал.
В декабре отправили запрос в Пакистан, с просьбой дать пофамильный список студентов с ВУЗов КР, проваливших экзамены в Пакистане. Зачем нам частные медВУЗы, к-е принимая иностр студентов, оплачивающих дорогие контракты, но не хотят соответствовать необходимым критериям обучения?
— Эльвира Сурабалдиева (@ElviraSur) January 8, 2021
Пакистандын борбору Исламабадда жүздөгөн дарыгерлер жана медициналык студенттер нааразычылык акциясына чыгып, өкмөттү Өзбекстан менен Кыргызстанда алган дипломдорду таанууга үндөшүүдө.
Буга чейин Пакистан Кыргыз Республикасынын медициналык адистерди даярдай турган бардык ЖОЖдорун кара тизмеге киргизгени белгилүү болгон. Бул жагдайга Кыргызстандан бүткөн пакистандык студенттердин 90% Пакистандын Медициналык кеңешинен милдеттүү медициналык экзаменден өтпөй калганы себеп болгон. Натыйжада алардын дипломдору Пакистанда таанылган эмес. Кийинчерээк жашыл тизмеге Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз-Орус (Славян) университети жана Эл аралык жогорку медициналык мектеби кирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ