Menu

Президенттикке талапкер Мыктыбек Арстанбек “Ак үйдү” Баткенге көчүрүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

Кечээ, 8-январда, президенттикке талапкерлердин теледебаттарынын экинчи айлампасынын акыркы бөлүгү өттү.

Анда Улукбек Кочкоров, Бабыржан Төлбаев, Бактыбек Калмаматов, Жеңишбек Байгуттиев, Имамидин Ташов жана Арстанбек Мыктыбек КТРКнын эфиринде жолугушту.

Презденттикке талапкер Мыктыбек Арстанбек президент болуп шайланса Ак үйдү Баткен облусуна көчүрүп барарын билдирди.

“Мен өкмөттү, бийликти жана Ак үйдү Баткенге көчүрүп барам. Ошондо кимдер министрликке жулуна турганын көрөлү. Болбосо чек ара маселеси чечилбейт”, – деди Мыктыбек Арстанбек.

Ошондой эле, ал Кыргызстан менен чектешкен мамлекеттердин тилдерин мектептерге киргизерин белгиледи. “Биз ар бир окуучуга түшүнүк беришибиз керек”, – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: