Menu

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева: Мугалим тараптан балдарга сексуалдык кол салуу – бул жол берилгис ыпылас иш

Бөлүшүү:

Мугалим тараптан жашы жете элек балдарга сексуалдык кол салуу – бул жол берилгис, ыпылас иш. КРнын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы мектептердин бириндеги жашы жете элек балага карата бузукулук иш-аракетке шектелген мугалимдин кармалыш фактысы боюнча ушундай пикирин билдиргенин 8-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Белгилүү болгондой, мурда окуучулардын ата-энелеринен кармалаган мугалимдин жосунсуз аракеттери тууралуу маалыматтар түшкөн, бирок мектеп администрациясы эч кандай чараларды кабыл алган эмес. Бул мугалимдер тарабынан балдарга карата бузуку аракеттерин жасаган өтө жосунсуз жорук. Өлкөнүн бир дагы мектебинде мындай фактыларга жол берилбеши керек. Жалпы билим берүү мекемелери, тармактык муниципалдык жана мамлекеттик органдар ата-энелерден жана окуучулардан түшкөн сигналдарга, кайрылууларга кош көңүл мамиледе болбошу шарт. Эгерде өз учурунда алдын алуу чаралары кабыл алынган болсо, бул нерсеге жол бербөөгө мүмкүн эле. Менталдык четтөөлөргө шектелген жактарды балдар менен иш алып барууга жол берилбеши керек», – деген Эльвира Сурабалдиева.

Вице-премьер-министр орун алган окуя боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: