Menu

$250 миң пара алып жаткан жеринен кармалган Улан Жураев “Ата-Мекен” партиясынын тизмесинде N18-болуп турат

Бөлүшүү:

Кечээ, 8-январда УКМКнын Антикоррупциялык кызматы тарабынан $250 миң пара алып жаткан жеринен кармалган Улан Жураев  “Ата-Мекен” партиясынын 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодогу тизмесинде N18-болуп турат.

Былтыр жайында “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев партиясына ар кайсы партиялардан жаштарды чакырып кошуп: “партияны жаштарга өткөрүп бердим, жаңыладым, прогрессивдүү жаштарга толтурдум” деп ооз көптүрүп жаткан.

Ошол “прогрессивдүү жаштардын” бири Улан Жураев экен.  Ал КСДПнын эски мүчөсү Мурат Жураевдин уулу болуп чыкты.

Улан Жураев иштеген “Спецмонтаж” ЖЧКсына мамлекеттик тендерлер жана “Таза суу” долбоорун ишке ашыруудагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголуп, кийин Текебаевдин жардамы менен токтотулгандыгы айтылган.

Ошондой эле Улан Жураев өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасында Кыргыз темир жолундагы поезддин VIP вагонундагы жайылган дастаркондун фонунда видеотасмага түшүп таратканы белгилүү.

Алтургай ал аялы курулушчу ишкер Тимур Файзиевдин “Элит хаус” ишканасынын лотереясынан элиталык квартира утуп алганын жарыялаган.  Билермандар бул квартиранын баасы 125 миң доллар болорун талкуулашкан.

Ал эми Улан Жураев менен кечээ бирге колго түшкөн Мелис Аспеков өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасында “Элит хаус” ишканасынын жетекчиси Тимур Файзиев менен саунада чоогу эс алып жатышкан сүрөтүн жарыялаган.

Социалдык тармактарда “Элит хаус” ишканасынын жетекчиси Тимур Файзиев да “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Василий Дашков сыяктуу эки достун – Улан Жураев менен Мелис Аспековдун “текшерүүсүнөн” өткөнүн жазышууда.

Ошондой эле кыргыз тилдүү ММКлар Мелис Аспеков 5-октябрдагы төңкөрүштөн кийин 3 кымбат баалуу джип машинасын сатып алгандыгын жана анын бири менен өзү жүрүп, калган эки джип аны узатып коштоп жүрөрүн жазышкан.

“Ата-Мекендин” прогрессивдүү таза жаштары

Баса, “Элит хаус” ишканасынын жетекчиси Тимур Файзиев кримтөбөл Камчы Көлбаев менен айрым бизнес долбоорлор боюнча өнөктөш экендиги жана азыркы президенттикке талапкер Каныбек Иманалиевден “Эркин Тоо” басмаканасынын имаратын 7 миллион долларга сатып алгандыгы айтылып-жазылып жүрөт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: