Menu

Төрага Талант Мамытов ТүркПАнын байкоочулар миссиясы менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кечээ, 8-январда КРнын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) эл аралык байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Алгач төрага Талант Мамытов мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдумга байкоочулардын катышуусу жогорку мааниге ээ экенин белгиледи.

“Сиздердин бааңыздар өтө маанилүү. Анткени, жаңы шайланган мамлекет башчыбыз өлкөбүздүн атынан эл аралык аренага чыгып, биздин аймактык өнөктөштөрүбүз менен болгон кызматташтык алакаларда өкүлчүлүк кылат” – деген төрага, боло турган шайлоо жана референдум олуттуу мааниге ээ экенине токтолду.

Өз кезегинде ТүркПАнын байкоочулар миссиясынын координатору Режеп Шекер Кыргызстандагы бул шайлоого түрк тилдүү мамлекеттердин парламент өкүлдөрү байкоо саларын маалымдап, жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрага Талант Мамытовго да ыраазычылык билдирди. Муну менен катар Режеп Шекер ТүркПАнын байкоочулар миссиясы шайлоолорго мониторинг жүргүзүүгө жигердүү катышып, дайыма тең салмактуу жана ар тараптуу баа берүүгө аракет кыларын кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда төрага Талант Мамытов ТүркПАга мүчө мамлекеттердин парламенттерине өкүлдөрү аркылуу салам жолдоду.

Ошондой эле төрага ТүркПАнын эл аралык байкоочулар миссиясынын шайлоолорго мониторинг жүргүзүү тажрыйбасына жогору баасын берип, бул өнөктөштүк эл аралык аренада биримдиктин ролунун бекемделишине чоң өбөлгө түзөрүн билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: