2021-жылдын 10-январында, жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дө (Бишкек убактысы боюнча 03.00) Южно-Сахалинск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңсесинде № 9013 шайлоо участкасы ачылган, Южно-Сахалинск ш., Мир проспектиси, 2б / 5. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шайлоо участкасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00дө жабык болот.
Южно-Сахалинск шаарындагы Кыргыз Республикасынын шайлоо участкасында шайлоочулардын тизмесинде Кыргыз Республикасынын 851 жараны катталган.
Эгерде сиз өзүңүздүн шайлоо участкаңызды таба албай кыйналсаңыз, анда консул Б.Асаналиевге кайрылыңыз. Байланыш телефону: 89778529098.
Сизде сөзсүз түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун түрлөрү болушу керек – Кыргыз Республикасынын жаранынын ички паспорту, Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык же кызматтык паспорту.
Элчилик жарандарды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырат!
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ