Бүгүн, 10-январга карата Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтсүз шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга 3 миллион 563 миң 574 шайлоочу катталды. Бул тууралу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.
Эң көп шайлоочу – 722 миң 933 киши Ош облусунда катталды, бул өлкө боюнча жалпы шайлоочулардын 20%ын түзөт.
Шайлоочулардын саны боюнча экинчи орунда Жалал-Абад облусу турат (666 миң 695) жаран, ал эми үчүнчү орунда – Чүй облусу (591 миң 818) жаран.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ