Menu

Садыр Жапаров: “Мамлекетти досторго, шоопурларга, жардамчыларга жана туугандарга башкартпайм”

Бөлүшүү:

“Мен мамлекетти өзүм гана башкарам”, – деп билдирди кечээ, 10-январда Садыр Жапаров президенттик шайлоонун жана референдумдун алдын ала жыйынтыктарынан кийин маалымат жыйын учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Жапаров өлкөнүн биринчи президенти 15 жыл бийликте болгонун, алгачкы беш жылда жакшы иштеп, андан кийин айланадагылардын таасири астында калганын белгиледи.

“Экинчи президент 2-3 жыл жакшы иштеп, андан кийин анын  айлана-чөйрөсүндөгү жакын адамдарына башкартып жиберди. Кийинки президентибиз дагы жардамчыларына, айдоочуларына башкартып жиберген учурлар болгон”, – деди ал.

Бирок, менде андай катачылыктар болбойт. Анткени, биз тарыхтан сабак алган адамдарбыз. Кудай буйруса, мамлекетти канча жыл башкарып отурсам, ошончо жыл өзүм гана башкарам. Досторго, шоопурларга, жардамчыларга жана туугандарга башкартпайм”, – деди Садыр Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: