Ырчы Курал Чокоев чуулгандуу долбоорун жапты. Бул тууралуу ал социалдык тармакта жарыялады.
Ал көптөгөн сын-пикирлерди кабыл алгандыгын белгиледи.
«Колдоо сөздөр дагы болду, бирок негизинен терс сын-пикирлер көбүрөөк болду. Буга байланыштуу мен долбоорду жабууну чечип, мындан ары улантпоону туура көрдүм. Ошондой эле, бардык видеолорду өчүрдүм. Сиздердин ой-пикириңиздер мен үчүн өтө маанилүү. Эгерде биздин видеолор сиздерге катуу тийген болсо, албетте, кечирим сурайбыз», – деди ал.
Эскерте кетсек, социалдык тармактын колдонуучулары ырчылар Курал Чокоевдин жана Кайрат Примбердиевдин Ютуб каналындагы видеолорун талкууга алып, терс сын-пикирлерди айтып, нааразы болушкан. Чуулгандуу долбоордон кийин “Марал” радиосу Курал Чокоев менен кызматташууну токтотуп, бойкот жарыяланарын расмий баракчасына жарыялаган.
Ошондой эле, Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков ырчыларга чара көрүлөрүн билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ