Menu

Казакстан ИИМи: Кармалгандардын баары бошотулду

Бөлүшүү:

Казакстандын ички иштер министринин орун басары Арыстангани Заппаров шайлоо күнү кармалган демонстранттардын баары бошотулганын билдирди.

– Мыйзамсыз жүрүштөр менен митингдерди уюштуруу аракеттери болду. Жергиликтүү бийлик органдары менен прокуратура бул жарандарга акциялардын мыйзамсыздыгын жана аны токтотуу керектигин бир нече жолу эскертишти.

Министрдин орун басарынын айтымында, алар талапка баш ийишкен эмес жана полиция активисттерди кармоого мажбур болгон:

– Профилактикалык сүйлөшүүлөрдөн кийин полиция бөлүмүнө жеткирилгендердин баары бошотулду. Административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар болгон жок.

Чиновник өлкө боюнча жалпысынан канча киши кармалганы жөнүндөгү суроону жоопсуз калтырды.

Бул арада санитардык чектөөлөр менен шайлоо тилкелеринде жүрүү эрежесин бузду деген айып менен он байкоочу добушканалардан чыгарылганы белгилүү болду.

Казакстанда парламент жана маслихатка шайлоо өткөн күнү Алматы, Актөбө, Чымкент, Орол жана башка шаарларда нааразылык акциялары өтүп, ондогон кишилер кармалган.

Шайлоо алдында каттоодон өтпөгөн оппозициялык топтор казакстандыктарды шайлоого бойкот жарыялоого үндөшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: