Menu

Россияда коронавирустун жаңы түрү аныкталды

Бөлүшүү:

Россияда биринчи жолу Улуу Британияда аныкталган COVID-19 жаңы түрү аныкталды. Бул тууралуу Роспотребнадзордун башчысы Анна Попова билдиргенин россиялык ММКлар жазып чыкты.

Попованын айтымында, вирустун жаңы түрү Улуу Британиядан кайтып келген россиялыктан табылган.

“Өткөн жылдын аягында бизде “британ штаммы” бар экенине күбө болдук”, – деп билдирди ал.

Попова жаңы штамм бир гана адамда аныкталгандыгын кошумчалады. Бейтап өзүн жакшы сезип жатканын белгиледи.

Жалпысынан, 2020-жылдын ноябрь айынын аягынан 22-декабрына чейин Улуу Британиядан Россияга 7 миң адам учуп кеткен. Алардын 32синде коронавирус табылса, төртөөсүндө гана вирустун белгилери байкалган.

Коронавирустун жаңы, өтө жугуштуу түрү Улуу Британияда декабрдын башында тарап баштаган. ДСУнун маалыматы боюнча, ал кадимки SARS-CoV-2 варианттарына караганда 50-70 пайызга көп жугуштуу. Андан бери кеминде 41 мамлекетте британиялык штамм аныкталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: