Кыргызстанда Жогорку соттун дагы бир судьясы мыйзамсыз баюуга шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөнүн версиясы боюнча, Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы Б.Д.С. декларацияда көптөгөн менчик объектилерин, анын ичинде алдыңкы курулуш компанияларынын элиталык үйлөрүндөгү 20дан ашуун батирлерди, Ысык-Көлдөгү кадыр-барктуу пансионаттардагы кыймылсыз мүлктөрдү жана кымбат баалуу унааларды көрсөткөн эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ