Menu

«Тулпар» долбоору: Карта менен жол жүрүүнүн болжолдуу жалпы саны 3,5 миллион сапарды түздү

Бөлүшүү:

Өткөн жылы борбор калаанын мэриясы Швейцариянын BPC компаниясы менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында автобустар менен троллейбустарга “Тулпар” электрондук билет сатуу долбоорун ишке ашырган.

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, ушул убакыт аралыгында карта менен жол жүрүүнүн болжолдуу жалпы саны 3,5 миллион сапарды түздү. Шаардыктар 140 миңге жакын көк стандарттык карталарды сатып алышты, бишкектиктердин жеңилдетилген категориясы 42 миңден ашуун кызыл карталарды акысыз алышты, ал эми дээрлик 10 миң  мектеп окуучулары  жашыл карталарды алышты.

Www.tulpar-card.kg веб-сайты ачылып, анда накталай эмес эсептешүүлөргө, мектеп карточкасын берүүгө байланыштуу бардык суроолорго жооп алууга болот, ошондой эле шаардыктар менен байланышуу үчүн чалуу борбору,        telegram жана whatsapp  тиркемесинде баарлашуу бөлмөлөрү ачылды, социалдык тармактарда Facebook, Instagram, Twitter, Tiktok  баракчаларында да иш жигердүү жүргүзүлүүдө.

Жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыгып, анын жардамы менен сиз балансты көзөмөлдөп, билеттерди сатып алып, виртуалдык карта аркылуу төлөй аласыз жана келечекте транспорттун кыймылын онлайн режиминде көзөмөлдөөгө болот.

Ошондой эле NFC технологиясы аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү киргизилген. Эми сиз виртуалдык карта түзүп, NFC иштетилген  Android смартфондору менен жол акысын төлөй аласыз. Долбоорду модернизациялоо боюнча иштер улантылууда.

Урматтуу шаардыктар! Жол жүрүү үчүн накталай эмес төлөмгө өтүңүздөр. Артыкчылыктары айдан ачык: коопсуздук, чыгымдардын ачык-айкындуулугу, эң негизгиси, накталай акча менен байланыш жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: