Menu

Бишкекте Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өтөт

Бөлүшүү:

Эртең, 12-январь Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кыргыз элинин залкар обончу- композитору Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү. Ал көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак.

Бул күнгө карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 2020- жылдын 12-январында саат 12:00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык опера жана балет театрынын Малахит залында салтанаттуу иш-чара өткөрөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Учурда аталган иш-чарага даярдыктар жүрүп жатат. Салтанат санитардык эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен өтүп, чакан форматта концерт тартууланат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: