Menu

Бишкекте «Өзүңдүн багыңды отургуз» аттуу жашылдандыруу акциясы өтүүдө

Бөлүшүү:

«Шаардык парктар»  муниципалдык ишканасы «Өзүңдүн багынды отургуз» аттуу жашыл акциясын улантууда, анын ичинде ар бир шаардык же уюм борбордун жаңы сейил бактарыңда дарак отургуза алат. Бул тууралу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

11-январда «Адинай» жаңы сейил багында 109 ийне жалбырактуу бактар отургузулган: 66 крымдык карагайлар, 11 европалык балатылар, 17 көк балатылар, 15 тянь-шандык балатылар.

Жылуу мезгилде, шаар тургундары 532 жалбырактуу бактарды отургузушкан: 202 ак кайыңдар, 180 европалык теректер, 32 каштандар, 17 клендор, 25 липа дарактары, 26 чынар жана 50  алдерак түрүнүн дарактары. Андан тышкары, шаардык мэрия 32 дана каштан отургузду.

Үч баскычтуу жашылдандыруунун зарылчылыгын эске алып (жакшы калың газон + бадал + дарактар), 174 пузыреплодник, 14 вейгел, 11 бадалы, 30 снежноягодниктер, 10 чебушниктер, 1 магнолия жана 4100 роза бадалдары отургузулду.

Көчөттөр уюмдардан алынган: Жердев питомниги, АГТ-Азия, Биздин бакча. Ошондой эле бишкектиктер ботаникалык бакчаны жана КР УИА Токой институтун колдошуп, көчөттөрдү алардан сатып алып жатышты, чогулган акча ботаникалык бакчанын өнүгүүсунө, илимий изилдөөлөргө колдонулат.

Жашылдандыруу уланып жатат. Бактарды отургузуу арыздарын «Шаардык парктар» муниципалдык ишканасынын башчысы Калича Умуралиева 0707 777749 номери аркылуу кабыл алат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: