Menu

Садыр Жапаров: “Президент катары толук кандуу ишке киришерим менен өз талапкерлигин койгон атаандаштарымды баарлашууга чакырам”

Бөлүшүү:

Садыр Жапаров башка президенттикке талапкерлер менен жолугушууну каалайт. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-январда Ала-Тоо аянтында чогулган элдин алдында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Ал башка талапкер ыраазычылык айтып өттү.

“Президенттикке аттанышкан менден башка талапкерлердин саясатта өздөрүнүн салмагы, кадыр-баркы, тажрыйбалары бар. Алар да эл урматына ээ болгон инсандар. Алардын да “өлкөнү өнүктүрсөм, Кыргызстаныбызды кубаттуу мамлекетке айлантсак экен” деген ыйык тилектери бар. Мен өзүмдүн атаандаштарымды дал ушул тилектери жана сапаттары үчүн сыйлайм жана терең урматтайм. Президент катары толук кандуу ишке киришерим менен өз талапкерлигин койгон атаандаштарымды акыл калчап, өлкө тагдырын оң жолго салууда кеңешип, баарлашууга чакырам”, – деп билдирди Ссадыр Жапаров.

“Бири-бирибизге карата жалган жалаа, ушак-айыңдан эл турмушу эч убакта оңолуп кетпейт. Бөлүнүп жарылуудан эч нерсе утпайбыз. “Бөлүнгөндү бөрү жейт” деген макалды унутпайлы. Азыр бизге ынтымак керек. Ырыскыны элибизге ынтымак гана алып келет”, – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: