Menu

Пара алган деп шектелген ИИМдин медициналык башкармалыгынын башчысы камакта калтырылды

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык соту пара талап кылган деп шектелген Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын башчысы Жыргалбек Жакыповду камакта калтырды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирет.

Буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жыргалбек Жакыповду УКМКнын тергөө абагына камаган.

“Белгилүү болгондой, жактоочу арызда шектүүнүн төрт баласы бар болгондукан эч жакка качып кете албай тургандыгын жазган. Ошондой эле Жыргалбек Жакыповдун тергөө ишине тоскоолдук кылуу мүмкүнчүлүгү жок. Арыз ээлери өздөрү ага ыраазычылык катары акча беришкен, ал эч нерсе талап кылган эмес”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, УКМК коррупцияга каршы күрөшүү кызматы КР мамлекеттик органдардагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, КРнын Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан Ички иштер башкармалыгында кызмат өтөөгө талапкерлерден ылайыктуулугун оң жака чечип медициналык корутунду бергени үчүн пара алуу фактылары аныкталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: