Menu

УКМК: Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 11-январда КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кармалды. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Савай айылына мектептин спорт залын куруп жаткан учурда жалпы суммасы 1 миллиондон ашык суммага аткарылган жумуштун көлөмү ашыкча бааланганы аныкталды. Ошондой эле М.С. жооптуу адамдар менен бирге жогоруда айтылган объекттин сапатсыз аткарылган иштери менен колдонууга берген.

Ошондой эле, УКМК тарабынан Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында ар кандай кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топтун түзүү фактысы боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул иште Сайпидинов күбө катары өтүүдө.

Учурда М.С. УКМКнын Ош шаарындагы башкармалыгындагы убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: