Президенттикке талапкер болгон Улукбек Кочкоров кезексиз президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы тууралуу пикирин Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Ал аны колдогон жарандарга ыраазычылыгын билдирди.
“Мени, менин программамды колдоп добуш бергениңиздерге, программамды элге жеткирүүгө бар күчүн жумшаган тилектештериме, “жүрөгүмдөн сизди колдойм, бирок, бул жолу сизге добуш бере албадым” деп каалоолорун айтышкан миңдеген күйөрмандарыма, “программаңыз элге жетип калса экен, үй-бүлөмдүн ырыскысынан атайын сизге алып келдим” деп 5-10 миң сом акчалай колкабыш кылган карапайым замандаштарыма баарыңыздарга ийилип таазим этип, ыраазычылык билдирем!”, – деп жазды ал.
“Буга чейин да көпчүлүктүн колдоосу менен шайланып келген президенттер элдин үмүтүн актабай, аягы кейиштүү окуялар менен коштолгону баарыбыздын эсибизде. Менин тилегим, бул жолку колдогон элдин үмүтүнө суу себилбей, өлкөбүз туруктуу өнүгүү жолуна түшсө экен. Жылдап чет жакта жүргөн ата-энесинин мээримине зар болуп, жол караган балдарыбыздын санаасы тыйылса экен. Калкыбыз байгер жашоого жетип, дүйнөнү саякаттап, бактылуу өмүр сүргөн элдердин катарында болсо экен. Баарыбыз бакубат, өнүккөн өлкөдө жашагыбыз келет”, – деп жыйынтыктады ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ