Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда дайынсыз болуп жаткан жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 10-январь күнү Жеңиш айылында 1983-жылы туулган эркек киши көлгө балык улоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
11-январь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Жети-Өгүз райондук №36 ӨКБдан 4 куткаруучу, Каракол шаардык №15 ӨКБдан 5 куткаруучу, жалпы 9 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.
Андан кийин саат 09:30да маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып туугандарына өткөрүлүп берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ