Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант берди. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, КР Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.
2021-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытовдун 2021-жылдын 5-январындагы № 1, 2 жана 3 Жарлыктары менен:
Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна:
Түмөнов Алтынбек Жаңыбаевич курагынын чегине жеткенге чейин дайындалды.
Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалышты:
— Бишкек шаарынын:
Октябрь райондук сотуна:
Жарматова Айдай Жарматовна;
Жолдошбаев Мирлан Эргешбаевич.
Свердлов райондук сотуна:
Абыкеев Таалайбек Капарович;
Байдаева Лейла Алиевна.
Ленин райондук сотуна:
Өмүралиев Мелис Асанбекович;
Тентимишов Марлен Бактыгулович.
Ысык-Көл облустук сотуна:
Мырзаканова Бермет Низамидиновна.
Нарын облустук сотуна:
Алыбаев Замир Эрнисбекович.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ