Бүгүн, 12-январда экс-премьер-министр Кубатбек Боронов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына суракка келди.
Журналисттер аны кайсы иш боюнча суракка чакыргандыгы боюнча сурады.
“Мени эмне үчүн чакыргандыгын билбейм. Пандемияга байланыштуу болушу мүмкүн”, – деди Боронов.
Белгилей кетсек, буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Боронов коронавирус пандемиясы учурунда чиновниктердин шалаакылыгына байланыштуу иш боюнча суракка чакырылгандыгын билдирген. Ошондой эле COVID-19дан көптөгөн адамдардын өлүмү фактысы боюнча иш жүрүп жатат.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ