Menu

Видео – Президенттикке талапкер болгон Мыктыбек Арстанбек саясий партия түзүү ниетин билдирди

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкер Мыктыбек Арстанбек шайлоону таанып, саясий партия түзүү ниетин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-январда Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу шайлоо таза жана ачык-айкын өттү.

“Шайлоо учурунда биз болгону 120 миң сом сарптап, 4-орунга жетиштик. Эл сизди угушу үчүн көп акча коротуунун кажети жок экендигин далилдей алдык”, – деди ал.

Ал ошондой эле саясий партия түзүү ниетин билдирип, өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштөөгө даяр адамдарды өзүнө кошулууга чакырды.

“Нур” деген саясий партияны ачтык. Каттоодон да өттүк. Жакынкы күндөрү биздин демилгелүү топ партияны уюштуруу боюнча, съездин өткөрүү боюнча атайын көрсөтмөлөр менен чыга баштайт”,  – деп билдирди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: