Menu

Ташкентте көмүскө иштеген диний мектепте окуучулардын сабалганы боюнча кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Ташкентте көмүскө иштеген диний мектептин ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу UzReport телеканалы кабарлады.

Маалыматка караганда, ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Шайхантахур районунун тургуну батиринде балдарды динге окутуп келгени аныкталган.

Үй ээсинин билим берүүгө тиешелүү уруксат кагаздары жок болгонуна карабастан, ата-энелер ага айына 150-200 доллардан төлөп келишкен.

Мындан тышкары сабактардын жүрүшүндө шаар тургуну балдарды сабап жүргөнү кабарланды. Бирок үй ээси мындай көрүнүш дайыма болуп келгенин четке кагып, балдарды кээде гана чымчып, таяк менен уруп жүргөнүн айтты.

Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза белгиленип, «Атайылап денеге зыян келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Өткөн жылы декабрда Ташкентте окуучуларын жаза катары сабап, атайлап ачка кармаган көмүскө иштеген үч диний мектептин ишмердүүлүгү токтотулган. Укук коргоо органдарынын ыкчам иш-аракеттеринин жүрүшүндө ал мектептерде таяктар, бычактар жана пневматикалык куралдар табылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: