Menu

Өзбекстан ИИМи тиктокчулар менен ата-энелерине жоопкерчилик бар экенин эскертти

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) TikTok социалдык түйүнүндөгү роликтердин авторлору менен алардын ата-энелерине кайрылып, «жарандардын тынчтыгын жана коомдук тартипти бузуу — майда бейбаштык болуп саналарын, бул үчүн камакка алуу жазасы бар экенин» эскертти.

ИИМдин басма сөз катчысы Шохрух Гиясов мекеменин атынан жасаган видеокайрылуусунда: «Акыркы убактарда жаштар өзүнө көңүл бурдуртуу үчүн TikTok түйүнүнө түрдүү видеолорду жарыялаган «жаман тенденция» байкалууда. Алардын авторлору калжаңдагандан тышкары коомдук тартипти да бузуп жатышат», — деди.

Буга чейин социалдык түйүндөргө TikTok колдонуучуларынын бири «атагын чыгаруу үчүн» атайылап поезддин алдына жата калганы тартылган видео жарыяланган. Бул Өзбекстанда коомдук резонанс жараткан. Көп өтпөй видеонун автору Анжиян облусунун 37 жаштагы тургуну экени аныкталып, ал административдик жоопкерчиликке тартылган.

Мурдараак Гулистан шаарында эки тиктокчу жол чырак кызыл күйүп турганда көчөнүн ортосунда бийлеп, аны видеого тартып алышкан. Кийинчерээк алар кармалып, үч суткага административдик камакка алынган.

Ушул эле шаарда TikTok колдонуучусу кафелердин бирине ич кийимчен кирип жатканын видеого тартып чыгарган учур катталган. Ага карата коомдук тартипти бузганы үчүн административдик протокол түзүлүп, төрт суткага камалган.

Жаңы жылдын алдында Ташкенттин мэриясы TikTok Awards 2020 салтанатын уюштуруп, баш калаадагы тиктокчуларга сыйлык тапшырган.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн мэр Жахонгир Артыкхожаев тиктокчуларды колдоп, «алардын видеолору кимдир-бирөөгө жеңил ойлуулук катары көрүнүшү мүмкүн экенин, бирок бара-бара олуттуу болуп каларын» белгилеген.

«Бул балдар чоңойгондо видеолору да кыйла олуттуу болуп калат», – деген Артыкхожаев.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: