Menu

Евробиримдик Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоону кубаттады

Бөлүшүү:

Европа Биримдиги Кыргызстанда өткөн «тартиптүү жана жакшы уюштурулган президенттик шайлоону» кубаттайт.

Ошол эле учурда Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) байкоочулар миссиясынын тыянактарына ылайык, талапкерлер үчүн үгүт иштеринде бирдей шарт түзүлбөгөн, административдик ресурс колдонулган учурлар белгиленген.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү президенттик шайлоо жана референдум боюнча ушундай билдирүү таратты.

«Шайлоочулардын катышуусу да салыштырмалуу төмөн болду. Кыргыз бийлиги ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун сунуштарына ылайык улуттук шайлоо мыйзамдарын мындан ары өркүндөтүшү керек. Евробиримдик келечектеги президентти коомдун бардык тармактары менен кызматташууга жана Кыргыз Республикасынын адам укуктары, негизги эркиндиги боюнча жалпы милдеттенмелерин мындан ары дагы бекемдөөгө, ошондой эле эл аралык милдеттенмелерин аткарууга чакырат», деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле кыргыз эли референдумда президенттик башкаруу формасын тандап алгандыктан, жаңы Конституцияда президенттик система эл аралык милдеттенмелерге ылайык демократиялык принциптерге толугу менен шайкеш келиши керек экендиги, жаңы долбоордун талкуусу ачык жана айкын болушу зарыл болору белгиленген.

Биримдик парламенттик шайлоону тезирээк өткөрүүгө, ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу менен мындар аркы кызматташууга чакырып, инклюзивдүүлүктү жана плюрализмди сыйлоого чакырды.

10-январда Кыргызстанда 17 талапкер ат салышкан президенттик шайлоодо Садыр Жапаров 79% ашуун добуш алды.

Шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдум да өтүп, анда шайлоочулардын 80% президенттик республика үчүн добуш берген. Парламенттик башкаруу формасын 11%га жакын шайлоочу колдогон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: