Menu

Бишкекте жакында ырайым менен эркиндикке чыккан эркек кишилер батирди тоношту

Бөлүшүү:

Бишкекте “Фрунзе” турак жай комплексинде бир нече эркек киши батирди тоноп кетишти. Бул тууралуу Vesti.kg басылмасы жазып чыкты.

Жергиликтүү тургун ЖМКга билдиргендей, эркек кишилер батирдин эшигин ачкыч менен ачып, үйдүн ичин чачып, уурдалган буюмдарын баштыкка салып кетишкен. Орнотулган видеокамералардын жардамы менен уурулар батирде 2 сааттай болгону аныкталган.

Аларды турак жай комплексин кайтарган кароолчулары тарабынан кармалган. Андан кийин аларды милиция кызматкерлери алып кетишкен.

“Кийинчерээк алар кесипкөй уурулар экендигин билдик, алар үчөө болгон. Тергөөчү бизге башка иштин алкагында кармалгандардын бири үй камагында, ал эми калган экөө буга чейин соттолгон, жазасын өтөп жаткандыгын, бирок жакында мунапыс менен бошотулгандыгын айтты”, – дейт ал.

Белгилей кетсек, ноябрь айында Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган кезде абакта жаткан 230 адамга ырайым кылып, эркиндикке чыгарган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: