Кыргызстандагы Жарандык көзөмөл комитети Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун кызматтан кетишин талап кылууда. Комитет тиешелүү билдирүүнү Facebook социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Комитетти маданият министрдин ырчы Куралбек Чокоевдин долбоорунун айланасындагы ызы-чуу боюнча билдирүүлөрү тынчсыздандырды. Министр ырчы сыйлыктардан ажыратылып, мамлекеттик концерттик залдарда концерт коюусуна тыюу салынышы мүмкүн экендигин белгилеген. Ошондой эле, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарга караганда, Маданият министрлигинин алдындагы бардык медиа борборлорго Курал Чокоевдин ырларын, клиптерин жарыялоого тыюу салынган.
“Нуржигит Кадырбековдун билдирүүлөрү эгемендүү Кыргызстандын бүткүл тарыхында мыйзамдардын жана Конституциянын бузулушунун деңгээли боюнча болуп көрбөгөндөй көрүнүш. Бул коркунуч ырчыларга гана эмес, биздин ар бирибизге каршы багытталган. Бул Маданият министрлигинин адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерине жасаган биринчи чабуулу эмес. Укуктар менен эркиндиктер кандайдыр бир министр же мамлекеттин башка өкүлү тарабынан өзүм билемдик менен чектелиши мүмкүн эмес”, – деп айтылат кайрылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ