“Достор, эгерде каалоочулар болсо жыл башында чогуу бир үй-бүлөнү кубантпайлыбы? Мен Баткендеги чек аралаш айылга эки ирет бардым, телефон номеримди калтырып кеткем. Жакында ошол жердеги бир үй-бүлө мага кат жазыптыр, жумуш жок, таксилеп тиричилик кылганга бир жигули сатып берсеңер өмүр бою ыраазы болот элек деп. Адатта бизге каражат сурап өтө көп, ар кандай өңүттө кайрылышат. Бирок мен бул бүлөнү көрүп келгем, турмушуна топук кылган, шүгүр деп жашаган үй-бүлө. Өзүм эле сатып бергенге каражатым чектелүү, жигулинин баасы жүз миң сомдон бир аз ашат дешти билгендер. Беш-он миң сомдон он чактыбыз чогултсак болчудай. Тээ чек аралаш айылдан үмүт менен кайрылган адамды мостойтуп жооп бербей койсок жарабас. Каалоочуларга гана кайрылдым. Эртеңден Ошто болом, Баткенге чейин барып тапшырып коет элек. Рахмат. Элсом, банк аркылуу дегендер Айбек Жолдошев мырзага кайрылсаңар. Айбек даяр”, – деп жазды ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ