УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов мамлекеттик “Бешинчи каналдын” жетекчи болду. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге телеканалдын кызматкерлери тастыкташты.
Телеканалды жетектеген КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлдөрү бүгүн телеканалдын жаңы жетекчисин эмгек жамаатка тааныштырды.
Белгилей кетсек, буга чейин “5 каналды” Эрнис Кыязов жетектеп келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ