Menu

Түркмөнстанда мекеме-ишкана кызматкерлери жана окуучулар кызыл мыянын ширесин алып жүрүүгө милдеттендирилди

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Лебап облусунда жергиликтүү бийлик бюджеттик мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлерди, окуучуларды кызыл мыянын тамырынан жазалган ширени (сироп) алып жүрүүгө милдеттендирди.

Бул чөптүн маңызы ар бир мамлекеттик мекеменин кызматкеринин аптечкасында болушу керек. Ансыз кызматкерлер жумушка киргизилбейт.

Ушундай эле талап окуучуларга да тиешелүү. 18-январдан тартып ар бир окуучунун жанында кызыл мыянын тамырынын ширеси, антисептик, беш беткап, оксолин майы жана резина колкап болушу шарт. Ансыз мугалимдерге сөгүш жарыяланат, ата-энелер айып пулга жыгылышы ыктымал.

Декабрдын аягында Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов кызыл мыянын тамырынын пайдасы жөнүндө айтып, ал коронавирус менен күрөшүүдө эффективдүү болушу ыктымал экенин билдирген. Ал Илимдер академиясына бул чөптүн пайдасын терең изилдөөнү тапшырган.

Түркмөнстанда коронавирустун белгилери байкалган бейтаптардын саны көбөйүп, өлгөндөр катталып, өлкө боюнча чектөө чаралары киргизилгени менен расмий Ашхабад COVID-19 бар экенин расмий түрдө мойнуна ала элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: