Menu

Шопоков шаарында 20 жаштагы баланы өлтүрүүгө шектүү адам кармалды

Бөлүшүү:

Киши өлтүрүүгө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы 30-декабрда эрте менен Шопоков шаарынын көчөлөрүнүн биринде бир жигиттин жансыз денеси табылган. Экспертизанын жыйынтыгын боюнча, маркумдун баш сөөгү жаракат алып, көкүрөгү күйүп, үшүк алганы аныкталган.

Бул факт КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-б. (“Киши өлтүрүү”) катталган. Каза болгон 20 жаштагы жергиликтүү тургун Х.С. экени аныкталды.

Чүй ОИИБдин жана Сокулук РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип 33 жаштагы Сокулук районунун тургуну Б.С. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын териштирип жатышат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: