Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовду президенттик шайлоонун жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
“Кыргызстанда иш алып барган байкоочулар, анын ичинен ЖККУ ПАнын миссиясы шайлоо ачык-айкын, атаандаштыкта өткөнүн белгилешти”,- деди Вячеслав Володин.
Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Россиянын парламенттер аралык байланышын өнүктүрүү маселесин талкуулашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ