Menu

Жалал-Абад облусундагы 82 ата-энесинен ажыраган балдарга 3 миллион сом акчалай көмөк көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусундагы 82 ата-энесинен ажыраган балдарга 3 миллион сом акчалай көмөк көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул Бириккен Араб Эмиратынын жана Кыргызстандын Улуттук Кызыл Ай Коомунун өнөктөштүк долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Алардын тизмеси облустун район-шаарлардагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан берилген. Муктаж балдарга көмөк көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, каражаттар ар бир балага банктык эсеп аркылуу которулган.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 509 томолой, 7 миң 965 ата- энесинен ажыраган балдар бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: