Menu

10 миңден ашуун кыргызстандык “улуту” графасын көрсөтүштү

Бөлүшүү:

Бир айдын ичинде Кыргызстанда 20 миңге жакын жаран ID паспорт алышты, алардын жарымынан көбү улутун көрсөтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын чечимине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 15-декабрдан баштап негизги инсандык документине “улуту” деген графаны киргизүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Ошентип, ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин республикада 19451 улуттук паспорт даярдалган жана берилген. 10153 улутун көрсөтүү менен, калган 9 миңи көрсөтпөдү.

Белгилей кетсек, жарандын каалоосу боюнча 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-картада “улуту” деген графа көрсөтүлөт.

2017-жылдын 1-майынан баштап Кыргызстандын жарандары паспорттун ажырагыс бөлүктөрү болуп саналган электрондук чип орнотулган, тексттик да, атайын түзмөк аркылуу окула турган да жана электрондук түрдөгү маалыматтары бар Кыргыз Республикасынын жаранынын үлгүсүндөгү идентификациялык карталарын (ID-карталар) чыгара башташты.

Идентификациялык картада төмөнкү маалыматтар камтылган:

– текст түрүндө: фамилиясы, аты жана атасынын аты, жынысы, жарандыгы, туулган датасы, документтин номери, берилген датасы, колдонуу мөөнөтү, жеке идентификациялык номери, ыйгарым укуктуу орган жана коду, ээсинин колу, ээсинин жүзүнүн сүрөтү санарип форматта, жеке идентификациялык номердин штрих коддору жана документтин номери;

– түзмөктө окула турган формада: түзмөктө окула турган зона;

– электрондук чипте: ГОСТ стандарттарына ылайык криптографиялык алгоритмдердин негизинде жүзөгө ашырылган биометрикалык маалыматтар, улуту, туулган жери, дареги, үй-бүлөлүк абалы, электрондук цифралык колтамгалардын ачкычтары.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: