Menu

Депутат Айнуру Алтыбаева улуттук архивдик фонддордогу документтерди санариптештирүү маселесин көтөрдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору коррупциялык жагдайларга бөгөт коюу максатында редакциялык өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган.

Талкуу маалында депутат Аалы Карашев Кыргызстандагы мамлекеттик архив мекемелеринин канчасы талапка жооп бербей тургандыгын так көрсөтүү керектигин белгилеп: “Көпчүлүгүнүн имараты эски, маалыматтардын сакталышы үчүн коопту. Андыктан, ачык айтып, аны чечүү жолдору сунушталышы шарт”, – деди.

Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева архивдик фонддордогу документтерди санариптештирүү маселесин көтөрдү.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: