Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 14-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу аймактарына кар жаайт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: -6…-11, күндүз: -2… +3,
Таласта түнкүсүн: -8…-13, күндүз: +5… +10,
Баткенде түнкүсүн: -3… -8, күндүз: +5…+10,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: -2…-7, күндүз: +5…+10,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: -5…-10, күндүз: -1…+4,
Нарында түнкүсүн: -14…-19, күндүз: -6…-11,
Бишкекте түнкүсүн -6…-8, күндүз: +1…+3.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ