Menu

Видео – Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Садыр Жапаров тууралуу даректүү тасма тартылды

Бөлүшүү:

10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Садыр Жапаров тууралуу кинорежиссер Өмүрзак Төлөбеков даректүү тасма тартты.

Анда Садыр Жапаровду окуткан мугалими, классташтары ал бала кезинен эле чынчыл, ак ниет болгонун айтышат.

Ал эми Садыр Жапаров өзү кичинекей кезинен эле Москвада өткөн съезддерди атасы менен чогуу кызыгып көргөнүн, аларга окшош депутат болууну каалаганын айтат.

Ошондой эле, ал келечектеги пландары менен бөлүшүп, экономиканы көтөрүүгө, миграцияда жүргөн кыргыз жарандарынын мекенине кайтып келүүгө жана аларга жумуш ордун түзүүгө бардык аракеттер көрүлөрүн билдирди.

“Карапайым калк мени колдоп жатат. Мындан ары да колдой турганына ишенем. Анткени, мурдагы бийликтин катасын кайталап, коррупцияга малынып, өзүм аралашып кетпейм”, – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: