Ырчы Асел Кадырбекова президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарованын интервьюсун көрүп ага суктанганын билдирди. Бул тууралуу ал Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
“Мен президентибиздин жубайынын маегин көрдүм! Абдан суктандым. Аябай жакты. Акылдуу аял экен. Менин оюмча, көп нерсе аялдан да көз каранды болот. Ал саясатта болбосо дагы. Биздин президентибизден абдан чоң үмүттөр бар. Биз сизге ишенебиз, урматтуу Президент!”, – деп жазган ал.
“Жалпы элди президенттин шайланышы менен куттуктайм. Алдыда жакшы күндөр гана болсун!”, – деп кошумчалады ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ