Menu

Өлкөдө дагы 136 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, Бишкектен 3 бейтап каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-январга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 136 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 83, Чүй облусунан – 34, Ош облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 9, Нарын облусунан – 5, Талас облусунан – 1, Баткен облусунан – 2 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 82 723 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 205 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 78 563кө жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 72, Ош шаарынан – 5, Чүй облусунан – 53, Ош облусунан – 15, Талас облусунан -4, Ысык-Көл облусунан – 26, Жалал-Абад облусунан – 6, Баткен облусунан – 10, Нарын облусунан – 14.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 3 бейтап каза болду. Алардын жалпы саны 1378ге жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: