Menu

Тажикстанда экстремизм үчүн соттолгон 80 жаштагы карыянын жакындары Жогорку сотко кайрылышты

Бөлүшүү:

Тажикстанда экстремизм айыбы менен жети жылга эркинен ажыратылган 87 жаштагы Дониёр Набиевдин туугандары сот өкүмүн кайра карап чыгуу жана шарттуу жаза берүү өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылышты.

«Дониёр ата кургак учук менен ооруйт, акыркы айларда дарты күчөп кетти. Азыр анын дарыланууга эч кандай шарты жок. Ошондуктан өкүмдү кайра карап чыгуу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылдык», — деди соттолуучунун адвокаты Зоир Давлатёров.

2020-жылы декабрдын аягында Душанбенин Исмоили Сомони райондук соту Дониёр Набиевди өлкөдө тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу» партиясынын камактагы мүчөлөрүнө «материалдык жардам көрсөткөнү үчүн» жети жылга эркинен ажыраткан.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Нобиев «үчүнчү өлкөлөр аркылуу кээ бир мамлекеттердин атайын кызматтары бөлгөн каражаты алып, экстремисттик идеяларды таратуу, ошондой мазмуундагы адабият сатып алуу, жаштарды жихадчы топторго тартуу үчүн короткон».

Адвокаттын айтымында, тергөөнүн жүрүшүндө Нобиев өз каражатын чогултуп, эки саясий туткундун үй-бүлөсүнө жардам катары 200 жана 300 сомони бергенин мойнуна алган. Мындан тышкары ал камактагылардын чет өлкөлөрдө жашаган жакындарынан эки гана жолу акча алганын айткан.

Набиевдин жакындары ага коюлган айыптар аларды деңдароо кылганын айтышат. Иниси Асомиддин Набиев агасы «адамдарга жардам берип жүргөнүн гана» билдирди. Буга чейин карыя Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясынын» абакта отурган мүчөлөрүнүн жакындарына тамак-ашка анда-санда акча берип келгени маалымдалган.

Былтыр БУУнун жумушчу тобу партиянын кээ бир мүчөлөрүнүн иштеринде кылмыш болбогонун айтып, аларды бошотууга үндөгөн. Душанбе бул чакырыкты көз жаздымда калтырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: