Menu

Иран өзөктүк куралда колдонула турган күйүүчү май түрүн иштеп чыгууда

Бөлүшүү:

Иран өзүнүн изилдөө реактору үчүн күйүүчү майдын модернизацияланган жаңы түрүн иштеп чыгуу боюнча илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн баштады. Бул тууралуу өлкөнүн Эл аралык атомдук энергия боюнча агенттиктеги (МАГАТЭ) өкүлү Казем Гарибабади билдиргенин Reuters агенттиги жазды.

Гарибабадинин айтымында, бул процедура үч баскычта жүрөт. Анын алгачкысында «металл ураны жаратылыш уранын пайдалануу аркылуу өндүрүлөт».

«Биз бул кадамдарыбыз тууралуу Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке маалымат бердик», — деп кошумчалады Гарибабади.

Reuters өз макаласында металл уранын өзөктүк курал жасоодо колдонсо болорун белгилеген.

Тегерандын бул ишмердүүлүгү 2015-жылы Иран, АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германиянын ортосунда түзүлгөн келишимге каршы келет. Анда ирандыктарга «плутоний жана уран тармагында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө» тыюу салынган. Тегеран мындай иш-аракеттерге баруу үчүн келишимге кол койгон башка өлкөлөрдүн макулдугун алышы керек.

Өткөн жумада Ирандын бийлиги жер алдында жайгашкан «Фордо» ишканасындагы уран байытуу ишин 20% калыбына келтиргенин билдирген. Бул эл аралык келишимде көрсөтүлгөн көрсөткүчтөн беш эсе көп. Тегерандын бул чечими 2018-жылы өзөктүк келишимден чыгып, Иранга бир тараптуу санкцияларды киргизген АКШ менен мамилеси начарлап турган чакта кабыл алынды. Кошмо Штаттардын жаңы шайланган президенти Жо Байден Вашингтондун өзөктүк келишимге кайра киришин колдой туранын, бирок бул үчүн Иран макулдашуудагы шарттарды аткарышы керектигин белгилеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: